Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2016-жылдын 20-майы № 12
Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай айыл өкмөтүнүн уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө” мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын.
2. Мамлекеттик тилде: Ак-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемеси.
3. Расмий тилде: Учреждение- Айыл окмот Ак-Сайского айылного аймака.
4. Ак-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн-мекемесинин иштелип чыккан жобосу бекитилсин.
5. Ак-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн-мекемесинин башчысы Ниязкулов Эргеш Эшбаевичке жүктөлсүн.
6. Юридикалык дареги: Баткен облусу, Баткен району, Ак-Сай айыл аймагы, Ак-Сай айылы.
7. Ак-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн-мекемесинин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ниязкулов Эргеш Эшбаевичке жүктөлсүн.
Мамлекетик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | Б.Джолдошов |