Редакцияот 19.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы 

2017-жылдын 19-августу № 31

Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Ѳрнѳк айылына айылдык Эмкана куруу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 18-беренесин, Ѳрнѳк айылынын тургундарынын 12.06.2017-жылдагы жалпы чогулушунун протоколун жана Чоӊ-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдыкалыковдун кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, аймактын социалдык инфраструктурасын ѳркүндѳтүү максатында Чон-Сары-Ой айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ѳрнѳк айылына айылдык Эмкана куруу боюнча кайрылуу жана сунуштар колдоого алынсын

2. Чоӊ-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдыкалыковго Ѳрнѳк айылына айылдык Эмкананын курулушуна тиешелүү жер тилкесин бѳлүп берүү жагы жана курулуштун долбоорун даярдоо жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Жер, агрардык реформа, кайра иштетүү ѳнѳр-жай, курулуш,байланыш, транспорт, отун-энергетика жана депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук коргоо, аскердик тарбия, спорт жана жаштар маселеси боюнча” жана “Маданият, билим берүү саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция, коомдук, ѳкмѳттүк эмес уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Жумабек уулу