Загрузка документа…
ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-сентябры № 35
Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Сары-Ой айылына муниципалдык бала бакча куруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин негизинде, Чоӊ-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдыкалыковдун кайрылуусун карап,талкуулап чыгып аймактын социалдык инфраструктурасын ѳркүндѳтүү максатында Чон-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Ой айылына муниципалдык бала бакча куруу боюнча иш чаралар колдоого алынсын
2. Чоӊ-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдыкалыковго бала бакчаны курууга тиэшелүү жер бекитүү жана курулуш долбоорун даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоӊ-Сары-Ой айылдык Кеӊешинин “Депутаттык иш, этика мыйзамдуулук, укук коргоо, аскердик тарбия, спорт жана жаштар маселеси боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |