Загрузка документа…
ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 27-октябры № 37
Жергиликтүү бюджеттен акча-каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Чон-Сары-Ой айылындагы жалпы айыл тургундарынын 08.09.2017-жылдагы жыйынынын протоколун жана Чон-Сары-Ой айылындагы О.Джумаев орто мектебинин директорунун милдетин аткаруучу З.Эсенаманованын 15.09.2017-жылдагы жазган кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу О.Джумаев атындагы орто мектебинин жыгач терезелери эскирип калгандыгына байланыштуу терезелерди заманбап пластик терезелерине алмаштыруу үчүн, Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салым катары ушул долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн 1894676 (бир миллион сегиз жүз токсон тѳрт мин алты жүз жетимиш алты) сом, акча-каражаты 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин «Жалпы билим берүү» бөлүмүнүн «3111- Имараттар жана жайлар» элементине каралып бекитилсин.
2. Токтомду макулдашуу жагы Ысык-Көл райондук Финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы
У.Абдыкалыковго жана ФЭБнун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» жана «Маданият билим берүү, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек, миграция, коомдук Ѳкмѳттүк эмес уюмдар боюнча»туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |