ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 27-октябры № 40
2017-жылга карата Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин айлык акы маянасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен бекитилген пландан кирешенин ашыкча түшкөндүгүнө байланыштуу жана айыл Өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпированын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнө акча-каражаттын ашыкча түшүп жаткандыгына байланыштуу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине сыйлык катары бир айлык акы маянасы өлчөмдөрүндө кошулуп берилсин.
2. Токтомду макулдашуу жагы Финансы Министрлигинин Ысык-Көл башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У. Абдыкалыковго жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |