Загрузка документа…
ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 18-январы № 44
Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2019-2020-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2019-2020-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорлорун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1.Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 34549,0 сом (отуз төрт миллион беш жүз кырк тогуз миӊ) сом, анын ичинде атайын каражаттар боюнча 950,0 (тогуз жүз элүү миӊ) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин.
2.2019-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 31004,9 (отуз бир миллион төрт миӊ тогуз жүз) сом, өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
3. 2020-жылга карата 31634,0 (отуз бир миллион алты жүз отуз төрт миӊ) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
4. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык–Көл областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У. Абдыкалыковго жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |