Загрузка документа…
ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 18-январы № 43
Электр чубалгысын тартуу үчүн жер тилкеси жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, Чоӊ-Сары-Ой айылдык Кеӊешинин “Жер, агрардык реформа, кайра иштетүү ѳнѳр жайы, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетикасы” боюнча туруктуу комиссиянын сунушун, Ысык-кѳл районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 20.12.2017-жылы даярдалган Вл-10 кВ электр чубалгысын долбоорлоо боюнча № 120-17 Инжинердик-техникалык шарттарын карап, талкуулап чыгып Чон-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Бает, Сары-Ой айылдарынын түндүк тарабы аркылуу ѳтүүчү долбоордогу Вл-10 электр чубалгысын орнотуу боюнча иш чаралар колдоого алынсын.
2. Чоӊ-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдыкалыковго жер тилкесин бекитип берүү жана тиешелүү ижара келишимин түзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Жер, агрардык реформа, кайра иштетүү ѳнѳр-жай, курулуш,байланыш, транспорт, отун-энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |