Загрузка документа…
ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2018-жылдын 18-январы № 45
2018-жылдын үчтүн айынын 1ине карата Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын жергиликтүү бюджетинин калдык акча- каражаттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2018-жылдын үчтүн айынын 1ине карата жергиликтүү бюджетинин калдык акча-каражаттын чыгымдарга бөлүп берүү маселесин карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын үчтүн айынын 1ине карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү 8227.0 миң сом өлчөмүндөгү калдык акча-каражаттарынын эсебинен жыл ичинде төмөндөгүдөй чыгымдарга бөлүнүп берилсин:
- Сары-Ой маданият үйүнүн ремонту үчүн 151,9 миң сом;
- Орто мектептерге даараткана куруудагы калдык карызы 74,0 миӊ сом;
- Аппарат кызматкерлерине 2 айлык сыйлык акы, соц. фонду менен 653,3 миӊ сом;
- Айыл чарба техникасын сатып алуу учун 1433,9 миӊ сом;
- Бает айлындагы таза суу скважинасын тазалоо 350,0 миӊ сом;
- Сары - Ой айлындагы эски мектептин имаратын бузуу 50,0;
- Сары-Ой айылындагы кичи футбол аянтчасына материал сатып алуу 70,0 миӊ сом;
- Сары - Ой айылындагы ФАПтын терезесине тосмо орнотуу 30,0 миӊ сом;
- Сары-Ой айылындагы тренажердук залдын ондоо иштерине 30,0 миӊ сом;
- Чон-Сары-Ой айылындагы коргонду тосуу 200,0 миӊ сом;
- Чон-Сары-Ой айылындагы МТСбек көчөсүнө линия тартуу 200,0 миӊ сом;
- Чон-Сары-Ой айылындагы БСРди тазалоо 200,0 миӊ сом;
- Чок-Тал айылындагы бала бакчанын фундаментин тургузуу 884,5 миӊ сом;
- Орнок айылындагы кичи футбол аянтчасына жасалма газон алуу 850,0 миӊ сом;
- 5 айылга көчө жарыгын орнотуу үчүн 2849,4 миӊ сом
- Айланма каражаттын жүгүрүмдүүлүгү үчүн кассага 200,0 миӊ сом.
2. Токтом массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы
У. Абдыкалыковго жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |