Загрузка документа…
ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 18-январы № 46
Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин айлык маянасына кошумча акча- каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын баш оона айынын 21деги №165 «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 28 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн, ошондой эле коммуналдык чыгымдардын, анын ичинен электр энергияга болгон төлөмдөрдүн кымбаттагандыгына байланыштуу, айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерин социалдык жактан колдоо максатында, айыл Өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпированын айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чон-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоӊ-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин кызмат акыларына кошумча 30% пайыз өлчөмүндө акча- каражаты кошуп берүү жагы каралсын.
2. Токтом массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык–Көл областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдыкалыковго жана ФЭБнун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |