Загрузка документа…
ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 18-январы № 48
Жер тилкесин трансформациялоо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, Аймактын инвестициялык-экономикалык көрсөткүчтөрүн арттыруу жана жерлерди эффективдүү пайдалануу максатында Ѳрнѳк айылынын тургуну Асангазиев Э.Э. Ѳрнѳк айылында жайгашкан 1.0 га. жеке менчик жер тилкесинин максаттык багытын «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан» «Ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери категориясына» которуу боюнча арызын карап,талкуулап чыгып. Ысык-Кѳл райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 13.08.2015-ж. даярдалган №175-15 Корутундусунун, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы тарабынан даярдалган 19.08.2015-ж. Корутундусун, Ысык-Кѳл райондук санитардык-эпидимиологиялык кѳзѳмѳл жγргγзγγ кызматынын 19.08.2015-ж. Актысынын, Жер тилкесинин макулдашуу баракчасынын, 18.08.2015-жылдагы Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы комиссия тарабынан даярдалган актынын негизинде.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Асангазиев Эрлан Эсенбековичтин Ѳрнѳк айылында жайгашкан 1.0 га. жеке менчик жер тилкесинин максаттык багытын «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан» «Ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Асангазиев Эрлан Эсенбековичке тиешелγγ мекемелер менен макулдашуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин «Жер, агрардык реформа, кайра иштетүү ѳнѳр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |