Загрузка документа…
ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 18-январы № 49
Жер тилкесин ижарага берγγ жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Мыйзамынын 31-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 10.01.2018-ж. ПЖ№2 «2018-жылды Региондорду ѳнγктγрγγ жылы деп жарыялоо жѳнγндѳ» Жарлыгынын негизинде. 13.01.2018-ж. Чон-Сары-Ой айылдык Кеңешинин депутаттары менен болгон жыйынынын №1 протоколун, 15.01.2018-ж. Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтγнγн жерге укукту берγγ боюнча комиссиясынын № 3 протоколун карап, талкуулап чыгып, Аймакта мектепке чейинки билим берγγ мекемелерди куруу боюнча чараларды кароо алкагында, Сары-Ой айылына муниципалдык бала-бакчанын курулушуна каражат топтоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Ой айылынын тγштγк тарабында жайгашкан 2324.4 чарчы метр жер тилкеси тооруктардын женγγчγсγ «ШНО» ЖЧК ижарага 49 жылдык мѳѳнѳткѳ берилсин.
2. Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтγнγн башчысы У.Абдыкалыковго жер тилкесин бекитип берγγ жана тиешелγγ ижара келишимин тγзγγ жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин «Жер, агрардык реформа, кайра иштетүү ѳнѳр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |