Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-февралы № 27/14-2
Айылдык кеңештин 24.10.2017-жылдагы №27/11-5 токтомуна өзгөртүү киргизү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченем-укуктук актылар мыйзамынын 17-беренеини негизинде Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин 24.10.2017-жылдагы №27/11-5 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Ананьев айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 7-беренесине жана мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлерин ижарага берүү жобосуна ылайык кайрак айдоо жерлерин 5га жана андан жогору, сугат айдоо жерлерин 5га чейин белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т. |