Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI I чакырылышынын кезектеги X I V сессиясы
2018-жылдын 18-апрели № 27/15-9
Лизингке техника алуу жөнүндө
Башчынын орун басары Б.Б.Тыналиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев айыл өкмөтүнө лизингке 3 комбайн жана 5 дөңгөлөктүү тракторду Ысык-Көл өнүгүү фондусу аркылуу алуу жагы каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы башчынын орун басары Б.Б.Тыналиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т. |