Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2018-жылдын 18-апрели № 27/15-10
Аскер техникасын Жеңиш паркына орнотуу жөнүндө
Ананьево айлынын Жеңиш паркына депутат А.Э.Соодокеевдин аскердик техника БМП орнотуу жөнүндө сунушун угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин эрдигин түбөлүккө даңазалап, келечек муундарды патриоттуулукка тарбиялоо максатында Жеңиш паркына орнотууга Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинен бир даана БМП аскер техникасын бөлүп берүү жагы суралсын.
2. Аскер техникасын алууга тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Кубат уулуна тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т. |