Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2018-жылдын 18-апрели № 27/15-12
Таза суу мекемесине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ананьево айыл өкмөтүнүн “Таза суу” мекемесинин башчысы А.С.Сапаровдун маалыматын угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таза суу” мекемесине калкты таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында 65 000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин бош калган калдык эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.М.Аттоевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т. |