Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2018-жылдын 18-апрели № 27/15-13
Жолбун иттерди атууга жана аялдардын улуттук кийимин алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ананьево айыл өкмөтүнүн ветеринардык врачы К.А.Айиповдун жана маданият үйүнүн директору Т.Б.Касымбекованын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев айыл аймагындагы жолбун иттерди атып жок кылуу үчүн 60 000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин бош калган калдык эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Б.Чаргинов атындагы маданият үйүнө аялдардын улуттук киймин сатып алуу үчүн 50 000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин бош калган калдык эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.М.Аттоевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Тазабеков У.Ж. |