Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2018-жылдын 18-апрели № 27/15-14
Жайыт комитетине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жайыт комитетинин төрагасы Ж.Орозакуновдун маалыматын угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 57-беренесине ылайык Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев айыл амагынын жайыт комитетине үрөн фондусун иштетүү максатында 477540сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин бош калган калдык эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Жайыт комитетине бөлүнүп берилген акча каражаты 2018-жылдын 1-декабрына чейин кайтарылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Орозакуновко тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Тазабеков У.Ж. |