КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз он экинчи (3-шайланган) сессиясынын жыйналышы
2018-жылдын 11-январы № 12/1
Кеңеш айыл өкмөтү боюнча 2018-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Кыргыз Республикасынын ,,Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 33-беренесине ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча Кеңеш айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы А.Оморованын жасаган билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айлдык аймактык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бекитилген бюджетинин кирешелер бөлүгү 4712,3 сомго жаначыгашалар бөлүгү 4712,3 сомго долбоору бекитилсин.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бекитилген бюджетин максаттуу багыттарга пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековко тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Пусурманкулов |