Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз он экинчи (3-шайланган) сессиясынын жыйналышы
2018-жылдын 11-январы № 12/2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин ижаралык баасын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын беренелерине ылайык Кенеш айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин ижаралык баасын белгилөө жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Ж.Аракеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кеңеш айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлеринин 1 жылдык төлөмдөрү 1 гектар жер аянты төмөндөгүдөй баа менен ( жер салыгын жана соц фонд төлөмдөрүн кошпогондо) белгиленсин.
1)Сугат айдоо -1 га 700 сом
2)Кайрак айдоо - 1 га 500 сом
3)Чөп оорунду -1 га 300 сом
4)Бак -1 га 500 сом
2. Ижарага берилүүчү жер аянттары Кыргыз Республикасынын мыйзамында (Типтүү жобого ылайык) белгиленген тартипте жүргүзүүнү айыл өкмөтүнүн жерлерди ижарага берүү комиссиясынын курамына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер ресустары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшыылсын.айылдык Кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Пусурманкулов |