Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз он экинчи (3-шайланган) сессиясынын жыйналышы
2018-жылдын 11-январы № 12/3
Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн перспективалык иш планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн перспективалык иш планы жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мааткеримовдун маалыматтын угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин 2018-жылга карата түзулгөн перспективалык иш планын бекитилсин.
2. Кабыл алынган иш пландарды өз убагында аткарылышын уюштуруу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мааткеримовго жана депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин төрагасынын орун басары З.Тойчуевага тапшырылсын.
Төрага | М.Пусурманкулов |