Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-февралы № 13/1
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине каралган Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле 4-беренесине ылайык жайыт жерлеринин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кенеш, Пор айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколдорунда көрсөтүлгөн жана 2018-жылга жайыт пайдалануучулардын мал жандыктары үчүн жайыт пайдалануу тарифтерин бекитүү жөнүндөгү токтомун угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинде жана элдик жыйынында айтылган сунуштардын негизинде 2018-жыл үчүн жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнун өлчөмдөрү төмөндөгүдөй белгиленсин;
-Ири мүйүздүү 1 баш үчүн 50 сом
-кой-эчкилери 1баш үчүн 10 сом
-Жылкылар 1баш үчүн 50 сом
-Тоолор 1баш үчүн 50 сом
Сырттан малын кошуп алгандар үчүн
-Ири мүйүздүү 1 баш үчүн 200 сом
-кой-эчкилери 1 баш үчүн 40 сом
-Жылкылар 1баш үчүн 200 сом
2. Эгерде сырттан келген мал жандыктар жайыт комитети менен келишим түзбөй уруксаты жок болсо бир баш жандык 40 сом, бодо мал жана жылкыга 200 сомдон айып салынып, жайыт комитетине төлөнүп берилсин.
3. Пада баккан падачы кимден алгандыгы жөнүндө фамилиясын,атын, кой же уйун багып жаткандыгы тууралуу так маалымат беришсин. Падачы берген тизменин негизинде кивитанция жазып берүү жагы ЖПБ төрагасына милдеттендирилсин.
4. Жайыт жерди тосуп, Госактыга түшүрүп алгандар аренда катары пайдалангандар жайыт салыгын төлөө жагы каралсын (Мал башына байланган наркта ).
5. Жайыт комитети менен өз ара элдин койун баккан падачы келишим түзбөсө, жайыт салыгын өндүрүп бербесе, жайыт салыгы эки эсе төлөтүү жагын орган тарабынан суралсын, 5000 сомдон кем эмес айып пал тийешелүү органга өндүрүлүп берилсин.
6. Кенеш айыл өкмөтү пайдалануу үчүн жайыт салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине багытоо милдетти жүктөлсүн.
7. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын бир айына 6000 мин сом иниспекторлорго 4000 мин сом өлчөмүндө эмгек акы бекитилсин.
8. Кенеш айыл өкмөтүнүн жайыт жерлеринин жалпы аянтты 2485га пайдаланган жер аянты 1323 жер салыгы 1 га 5 сом 30 тыйындан бекитилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кенеш айыл Өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Пусурманкулов |