Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылыш кезексиз он бешинчи сессиясы
2018-жылдын 09-февралы № 62
Марказ айыл Өкмөтүнүн кызматтык авто унаасы эскилиги жеткендигине байланыштуу сатууга коюуу жөнүндө
Марказ айыл Өкмөтүнүн кызматтык авто унаасы эскилиги жеткендигине байланыштуу сатууга коюуу жөнүндөгү маселени карап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши төмөнкүдөй:
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Марказ айыл Өкмөтүнүн кызматтык авто унаасы эскилиги жеткендигине байланыштуу сатууга коюлсун.
2. Авто унааны сатуудагы тийиштүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы айыл Өкмөт башчысы К.Тургуновко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Шамшиев |