Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылыш кезексиз он бешинчи сессиясы
2018-жылдын 09-февралы №67
Марказ айылынын тургуну Кармышаков Бараттын арызын кароо жөнүндө
Марказ айылынын тургуну Кармышаков Бараттын 2017-жылдын 25-декабрындагы жазган арызында 15 жылдан бери өздөштүрүп пайдаланып келе жаткандыгын эске алып, айылдык кенештин отурумунда карап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши төмөнкүдөй :
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Марказ айылынын тургуну Кармышаков Бараттын 2017-жылдын 25-декабрындагы жазган арызында көрсөтүлгөн 0,96 га жер аянтын мыйзам чегинде өз жеке менчигине бекитилип берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы К. Тургуновко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Шамшиев |