Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылыш кезексиз он бешинчи сессиясы
2018-жылдын 09-февралы №68
Марказ айыл аймагынын жайыт пайдалануулар бирикмесинин төрагасынын Жайыттарды деграгацияга учуратпай пайдалануу боюнча сунушун кароо жөнүндө
Марказ айыл аймагынын жайыт пайдалануулар бирикмесинин төрагасынын Жайыттарды деграгацияга учуратпай пайдалануу боюнча сунушун кароо жөнүндөгү маселени карап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Марказ аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башкармалыгы жайыттарды деграгацияга учуратпай пайдалануу максатын ишке ашыруу «Жайыттарды пайдалануу» боюнча технологиялык картасын иштеп чыксын.
2. Жайыттарды пайдаланууда түзүлгөн техникалык карта боюнча иш жүргүзүүнү катуу көзөмөлгө алуу менен бирге айыл аймагынын элинин жайытка болгон муктаждыктарын толук камсыз кылуунун эсебин эске алуусун жайыт комитеинин төрагасына милдеттендирилсин.
3. Марказ ЖПБнин жайыттарын деградациядан сактоо максатында мал жандыктаын уч-коргон токой чарбасынын жайыттарына жайгаштыруу үчүн токой чарбасынын жайыттарынан ижарага алуу жагы жайыт комитетине сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Шамшиев |