Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылыш кезексиз он бешинчи сессиясы
2018-жылдын 09-февралы №69
Марказ айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасынын сунушу боюнча Тактек жайлоосундагы Олуя-Ата булагынын суусун таза суу катары пайдаланып жаткан Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын ичүүчү таза суу үчүн төлөнүп жаткан каражатынан Марказ айыл айманынын кирешесине белгилүү өлчөмдө акча төлөөсүн чечүү жөнүндө
Марказ айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасынын сунушу боюнча Тактек жайлоосундагы Олуя-Ата булагынын суусун таза суу катары пайдаланып жаткан Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын элинин төлөмдөрүнөн Марказ айыл аймагына кошумча киреше алуу боюнча сунушта карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Олуя-Ата булагынын суусун таза суу катары пайдаланып жаткан Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын жүргүзүп жаткан иштеринин мыйзамдуулугун карап, көрүп Марказ айыл Өкмөтү ошол жердин ээси катары кандар аракетте төлөмдөрдү алуусу боюнча мыйзамдуулугун карап көрү боюнча жумушчу комиссия түзүп иликтөө боюнча иш жүргүзүүнүн Марказ айыл Өкмөтүннү башчысы К. Тургуновко милдеттендирилсин.
2. Түзүлгөн комиссиялар мыйзамдын негизинде Марказ айыл аймагына тийиштүү чегерилүүчү акча каражатыны өз убагында төлөп туруусун Ынтымак айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Шамшиев |