Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-февралы № 2
“Акназаров айылдык аймактык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн токтомдорун, иш кагаздарын мамлекеттик тилде киргизүүсү жана кабыл алынуусу жөнүндө”
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2018-жылдын 14-февралындагы кезексиз 10-сессиясындагы протоколдун негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Акназаров айыл аймагынын территориясында жашагандардын мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылганына байланыштуу жана айылдык кеңештин типтүү регламентинин негизинде айылдык кеңештин,айыл өкмөтүнүн токтомдору жана иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн жана кабыл алынсын.
2. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Шабдановага жүктөлсүн.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |