Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-январы № 2
“Ижарага теректерди алып жүргөн тургундардын кайрылуулары жөнүндө”
Акназаров айылдык Кеңешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2018-жылдын 14-февралындагы кезексиз 10- сессиясындагы протоколдун негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Акназаров айыл өкмөтүнүн жарандарга ижарага берилген теректердин жетилген теректерин кесүүгө макулдук берилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жана ӨК боюнча башкы адиси К.Баркыбаев КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынан жетилген теректерди кесүүгө макулдук с уралсын.
3.Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин жер комиссиясынын төрагасы .Шабдановго жана муниципалдык менчик жана ӨК боюнча башкы адиси К.Баркыбаевге жүктөлсүн.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
5. .Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |