Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-февралы № 2
“Таш-Кудук мектебинин жамаатынын кайры-луулары жөнүндө”
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2018- жылдын 14-февралындагы кезексиз 10-сессиясындагы протоколдун негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн Мамыт уулу Абдырахман атындагы Таш-Кудук орто мектебинин алдындагы жетилген теректерди кесүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жана ӨК боюнча башкы адиси
К.Баркыбаев,Мамыт уулу Абдырахман атындагы орто мектептин директору
А.Беркиналиев КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой
чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынан жетилген
теректерди кесүүгө макулдук суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин жер комиссиясынын төрагасы Н.Шабдановго жана муниципалдык менчик жана ӨК боюнча башкы адис К.Баркыбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |