Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-февралы № 9
“Р.Рысматовдун кайрылуусу жөнүндө”
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2018-жылдын 14-февралындагы кезексиз 10-сессиясындагы протоколдун негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Р.Рысматовдун кайрылуусу боюнча сатып алган жеке менчик алма багы куурап калгандыгына байланыштуу алмаларды кыйып кайра алма бак тигип жаңыртыш үчүн куурап калган алма бакты кесүүгө уруксат берилсин.
2. Акназаров айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаилов КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин Талас аймактык башкарамлыгынан куурап калган алмаларды кесүүгө макулдук суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин жер комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б.Субановго жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Б.Субанов |