Загрузка документа…
С. ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын 2-сессиясы
2016-жылдын 26-августу № 2-3
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жана стратегиялык өнүктүрүү (СРС) планынын аткарылышы жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жана стратегиялык өнүктүрүү (СРС) планынын аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин маалыматын угуп, талкуулап, сөзгө чыккан депутаттардын пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жана стратегиялык өнүктүрүү (СРС) планынын аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Айылдык Кеёештин аймагында социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууда кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышын сапаттык денгээлин жогорулатуу, айыл Өкмөтүнүн башкаруучулугун өнүктүрүү, элдик демилгелерди колдоп кубаттап, айыл Өкмөтүнүн апаратында иштеген кезматкерлерди жоопкерчилигин күчөтүп, алардын илимий-практикалык жөндөмүнөн натыйжалуу пайдаланып, ички жана тышкы резервтерден толук пайдалануу менен айыл Өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүмүнү толуктап, чыгаша бөлүмүндө көрсөтүлгөн чыгымдардан максаттуу пайдаланып, керексиз чыгымдарды кыскартууну камсыз кылуу айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Республикабызда жакырчылыкты кыскартуу багытында кабыл алынган программаларды жана 2017-2020-жылдарда айыл Өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жандандыруу, жакыр, колунда жок үй-бүлөлөргө даректүү жардам берип, аларды экономикалык маданий, рухий жактан өсүп-өнүүгүсүнө көмөк көрсөтүү айыл Өкмөтүнө жана анын аймагында жайгашкан ишкана-мекемелердин жетекчилерине тапшырылсын.
4. Учурдагы базар экономикасынын шартында агрардык сектордо иштеп жаткан дыйкан-фермер чарбаларына жакындан практикалык жардам берип, кредит менен иштөө ыкмаларын үйрөтүп, инвестицияларды тартуу менен кайра иштетүүчү кичи цехтердин ишин жандандырып, жаёыларын куруу менен жаёы жумуш орундарын түзүү, өз ара жардамдашуу топторун, жамааттык уюмдардын аткарып жаткан иштерин колдоп, аларды моралдык жактан колдоп кубаттоо айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
5. 2017-жылда социалдык-экономикалык, маданий багыттарда аткаруу үчүн белгиленген иш-чаралардын өз убагында так аткарылышын камсыз кылууда, айылдырды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана башка иш-чараларды жүзөгө ашырууда айыл Өкмөтүнүн аймагында жашаган элди мобилизациялоону мындан ары дагы жогорку денгээлге көтөрүү айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинде бекитилген иш чараларды жылдын аягына чейин толугу менен аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеёешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |