Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын 2-сессиясы
2017-жылдын 26-августу № 2-7
Октябрь айылынын тургуну Таджибаев Ахмаджон Мамасадиковичтин арызын кароо жөнүндө
Октябрь айылынын тургуну Таджибаев Ахмаджон Мамасадиковичтин Араван айылынын Кызыл-Дөбө көчөсүндөгү жеке менчик 500,0 м2 турак үй багытындагы жер тилкесинин бир бөлүгүн максаттуу багытын коомдук мончо багытына өзгөртүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Таджибаев Ахмаджон Мамасадиковичтин Араван айылынын Кызыл-Дөбө көчөсүндөгү жеке менчик 500,0 м2 турак үй багытындагы жер тилкесинин бир бөлүгүн максаттуу багытын коомдук мончо багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Таджибаев Ахмаджон Мамасадиковичтин Араван айылынын Кызыл-Дөбө көчөсүндөгү жеке менчик 500,0 м2 турак үй багытындагы жер тилкесинин бир бөлүгүн максаттуу багытын коомдук мончо багытына өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеёештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |