Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын 2-сессиясы
2017-жылдын 26-августу № 2-8
Араван айылынын Тошматов көчөсүнүн тургуну Курбанов Азизилло Тохтасиновичтин арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Тошматов көчөсүнүн тургуну Курбанов Азизилло Тохтасиновичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик 600,0 м2 турак үй багытындагы жер тилкесинин бир бөлүгүн максаттуу багытын соода дүкөнү багытына өзгөртүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Араван айылынын Тошматов көчөсүнүн тургуну Курбанов Азизилло Тохтасиновичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик 600,0 м2 турак үй багытындагы жер тилкесинин бир бөлүгүн максаттуу багытын соода дүкөнү багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Курбанов Азизилло Тохтасиновичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик 600,0 м2 турак үй багытындагы жер тилкесинин бир бөлүгүн максаттуу багытын соода дүкөнү багытына өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |