Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын 2-сессиясы
2017-жылдын 26-августу № 2-10
Октябрь айылынын тургуну Алибеков Макамбай Токтосуновичтин арызын кароо жөнүндө
Октябрь айылынын тургуну Алибеков Макамбай Токтосуновичтин Октябрь айылындагы Манас орто мектебинин түштүк тарабындагы бош турган 21,0 м2 жер тилкесин туз сатып алуу жолу менен жеке менчикке сатып алууга макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Октябрь айылындагы Манас орто мектебинин түштүк тарабындагы бош турган 21,0 м2 жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары катталсын.
2. Октябрь айылынын тургуну Алибеков Макамбай Токтосуновичке Октябрь айылындагы Манас орто мектебинин түштүк тарабындагы бош турган 21,0 м2 жер тилке айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда түздөн-түз сатуу жолу менен жеке менчикке сатууга макулдук берилсин.
3. Аталган жерди жеке менчикке сатуу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |