Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын 2-сессиясы
2017-жылдын 26-августу № 2-11
Араван айылынын М. Султанов көчөсүнүн тургундарынын Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимге жазган арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын М. Султанов көчөсүнүн тургундары Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү борбордук стадиондо жайгашкан жеке менчик кичи футбол аянтында ар күнү кечки саат 1900дөн 0200гө чейин жаштар футбол ойношуп, тургундардын тынтыгын бузгандыгын, кээ бир учурларда пикир келишпестиктерден улам жаштар арасында тартипсиздикдер болуп жаткандыгын белгилешип, стадиондогу абалды турукташтырып берүү жана түнкүсү болуп жаткан футбол оюндарына чектөө киритүү, ошондой эле коомдук тартипти сактоону суранышып Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Г. Айтибаевге жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагында коомдук тартипти сактоо максатында аймактагы бардык кичи футбол аянттарында футбол ойноо убактысы боюнча төмөнкүчө чектөө киритилсин.
2. Жаз, Жай, Күз мезгилдеринда – күндүзү саат 1000 баштап, түнкү саат 2300гө чейин;
3. Кыш мезгилинде – күндүзү саат 1000 баштап, түнкү саат 2200гө чейин;
4. Милициянынын аймактык тескөөчүлөрүнөн киритилген чектөө боюнча иш жүргүзүп, мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурларда тийиштүү иш чараларды жүргүзүү суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жер-жерлерде түшүндүрүү штерин жүргүзүү С. Юсупова айыл өкмөтүнө (Ш. Файзуллаев) жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |