Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын 2-сессиясы
2017-жылдын 26-августу № 2-13
С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 4-февралындагы айыл өкмөтүнүн октябрь айылындагы жерлерди жеке менчик турак жай куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү 27-сессиясынын 18- токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киритүү жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылындагы жайыт, көп жылдык өсүмдүктөр жана мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондусунун кайрак жеринде жайгашкан жалпы аянты 55,2 га жер аянтын, анын ичинен 18,7 га бак жана кайрак айдоо, 36,5га жайыт жерлерге таандык төмөндөгү №407-контурундагы 9,8 га, №754-контурундагы 7,7 га, №674-контурундагы 0,8 га, №675-контурундагы 6,0 га, №775-контурундагы 5,0 га, №713-контурундагы 6,0 га, №729-контурундагы 3,7 га №728-контурундагы 1,4 га, №894-контурундагы 1,7га, №925-контурундагы 3,0 га, №833-контурундагы 10,0га жерлерди айыл тургундарына жеке менчик турак үй куруу үчүн берүүгө трансформация кылуу маселесин карап, топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы “Жер участокторун которуунун (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №169-токтомун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылындагы жайыт, көп жылдык өсүмдүктөр жана мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондусунун кайрак жеринде жайгашкан жалпы аянты 55,2 га жер аянтын, анын ичинен 18,7 га бак жана кайрак айдоо, 36,5га жайыт жерлерге таандык төмөндөгү №407-контурундагы 9,8 га, №754-контурундагы 7,7 га, №674-контурундагы 0,8 га, №675-контурундагы 6,0 га, №775-контурундагы 5,0 га, №713-контурундагы 6,0 га, №729-контурундагы 3,7 га №728-контурундагы 1,4 га, №894-контурундагы 1,7га, №925-контурундагы 3,0 га, №833-контурундагы 10,0га жерлерди айыл тургундарына жеке менчик турак үй куруу үчүн трансформациялоого жогорку мамлекеттик мекемелерден суралсын.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнө Октябрь айылындагы жайыт, көп жылдык өсүмдүктөр жана мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондусунун кайрак жеринде жайгашкан жалпы аянты 55,2 га жер аянтын жеке менчик турак үй куруу үчүн трансформациялоого зарыл болгон документтерди даярдап, тийиштүү жогору турган мамлекеттик мекемелерге тапшыруу жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннанов |