Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын 2-сессиясы
2017-жылдын 26-августу № 2-14
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Сидиков көчөсүнүн тургуну Асадуллаев Саидмухтархан Валихановичтин Араван жеке менчик 0,05 га талаа шыйпанын жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп турак үй курууга макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Сидиков көчөсүнүн тургуну Асадуллаев Саидмухтархан Валихановичтин Араван жеке менчик 0,05 га талаа шыйпанын жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп турак үй курууга макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Сидиков көчөсүнүн тургуну Асадуллаев Саидмухтархан Валихановичке Араван жеке менчик 0,05 га талаа шыйпанын жер аянтын айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда курулуштук багытын өзгөртүп, турак үй курууга макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеёештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |