Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
2018-жылдын 18-апрели № 84
Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылынын Жайылма участкаcына түзүлгөн генпланды бекитуу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн айыл чарба, жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси С.Аппазовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Самаркандек айылынын Жайылма участкасына бирдиктүү генплан түзүү максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз илим изилдөө жана шаар куруу долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан Самаркандек айылынын Жайылма участкасынын 47,19 га жер аянтына түзүлгөн генералдык планы бекитилсин.
2. Жеке турак-жай жана социалдык обьектилерди курулушу бекитилген генпландын негизинде жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айыл өкмөтүнө жана Баткен райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгына тапшырылсын
Төрага | Ө.Дыйканов |