Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
2018-жылдын 18-апрели № 88
Айыл аймагындагы айылдарда ичуучу таза сууга акы толоо тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу. 2009-жылдын 29 июнундагы №240 мыйзамынын 21 беренесинин 2 бөлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2003 жылдын 17 июнундагы №445 токтому менен бекитилген мамлекеттик башкаруучу чарбакер субьектеринин товарларына (жумуштарына көрсөтүлүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндөгү жобонун негизинде Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн айылдарындагы ичүүчү таза сууга акы төлөө баалары (тарифи) жан башына 10(он) сомдон төлөнөрү бекитилсин.
2. Комерциялык баа айына 500, жеке суу чыгарылган уйлорго 250 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жеке үйлөргө суу тартып кирүү токтотулсун, качан гана суунун көлөмү көп болгон учурда гана келишимдин негизинде токтом кабыл алуу менен уруксат берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө.Дыйканов |