Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-декабры № 37
“Катраң айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек арасын тактоо материалдарын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114-токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы №13-7|11-токтомунун, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 4-апрелиндеги №27-токтомунун жана Катраң айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы №03-10|26-буйругунун негизинде, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Катраң айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жумуштары боюнча жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын тактоо материалдарынын баяндамасын карап чыгып Катран айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Катраң айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын тактоо материалдары бекитилсин.
2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин жана бекитилсин.
3. Катраң айыл аймагынын жер фондун инветаризациялоо боюнча Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдардын негизинде жерди эсепке алуу, иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү Сүлүктү-Лейлек аймактын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына тапшырылсын
4. Токтомду бекитип берүү жагы Лейлек районунун мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.А.Полотовго тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |