Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 15-сентябры № 29
“Катраң айыл өкмөтүнүн 2017-жылга кабыл алынган ТӨП программасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Катран айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Полотовдун 2017-жылга кабыл алынган ТӨП программасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катраң айыл өкмөтүнүн 2017-жылга кабыл алынган ТӨП программасындагы төмөнкү иш чаралар акча каражатынын жетишсиздигине байланыштуу 2018-жылдын ТӨП программасынын иш чаралар планына калтырылсын:
Баул айылындагы БСРди кеңейтүү 1600,0 миң сом
Катраң айылына таза суу алып келүү 65100,0 миң сом
Тешик-Кум-Дөбө каналын ремонттон өткөрүү 38065,0 миң сом
Алманы кайра иштетүүчү цех куруу 4900,0 миң сом
“Кой-Таш” орто мектебине спорт зал салуу 12035,0 миң сом
Катраң айылына Апак көпүрөсүн салуу 400,0 миң сом
Кой-Таш айылына ФАП куруу 1650,0 миң сом
2. Калтырылган иш чараларды какайрадан карап чыгып, 2018-жылдын иш чаралар планына киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Полотовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катран айылдык кенешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |