Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 15-сентябры № 30
“Катраң айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн кабыл алынган бюджетине кошумча смета киргизүү жөнүндө”
Катран айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Э.Салибаевдин “Апрель” алтын кенин изилдөө үчүн алынган лицензиядан түшкөн 1000000 (бир миллион) сом акча каражатын тийиштүү беренелерге коюп туура пайдалануу жөнүндөгү сунушун эске алып Катран айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катраң айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн кабыл алынган бюджетине тиркемеге ылайык кошумча смета киргизилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Киргизилген кошумча сметаны пайдалануу убактылуу токтотулуп турсун.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБнүн башчысы Э.Салибаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катран айылдык кенешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөевге тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |