Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2017-жылдын 06-октябры № 32
“Катран айыл өкмөтүнүн имаратынын жылытуу системасын иштетүүгө керектүү болгон шаймандарды сатып алуу жөнүндө”
Катран айыл өкмөтүнүн имаратынын жылытуу системасын 2017-18-жылдардын от жагуу мезгилине толук кандуу даярдоо үчүн керектүү болгон 1даана насос 6000 (алты мин) сом, мотор 4000 (төрт мин) сом, 50 метр шланга 2000 (эки мин) сом, жалпы суммасы 12000 (он эки мин) сомду түзгөн шаймандарды сатып алууга каражат бөлүп берүү жөнүндө от жагуучу А.Алимов арыз менен кайрылган. Арызды карап жана талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл өкмөтүнүн имаратынын жылытуу системасын иштетүүгө керектелүүчү шаймандарды сатып алуу үчүн 12000 (он эки мин) сом бөлүнүп берилсин.
2. Керектелүүчү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы ФЭБнүн башчысы Э.Салибаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катран айылдык кенешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөевге тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |