Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2017-жылдын 06-октябры № 33
“Катран айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасын оңдоого керек болгон тетиктерди сатып алуу жөнүндө”
Катран айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасын оң абалда кармап туруу үчүн кээ бир тетиктерин алмаштыруу зарылчылыгы келип чыккандыгы боюнча айдоочу А.Алимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасына керектүү алдынкы, арткы кардан жана аккумулятор сатып алууга 15000 (он беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБнүн башчысы Э.Салибаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катран айылдык кенешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөевге тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |