Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2017-жылдын 06-октябры № 35
“Катраң айыл аймагынын жайыттары жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине негиз Катраң айыл аймагынын жайыт жерлерин пайдаланууну жана башкарууну камсыз кылуу максатында Катран айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл аймагынын 9063 (тогуз миң алтымыш үч) гектар жайыт жерлери Катраң жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды пайдалануу жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Катраң жайыт комитетине милдеттендирилсин:
3. Жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү жана салыктарды жыйноо;
4. Бюджеттик кодексти жетекчиликке алуу;
5. Кыска жана узак мөөнөттүү иш план боюнча иш алып баруу;
6. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимдин 3.2 пунктун аткаруу 2018-жылдын 1-январынан ишке киргизилсин.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы ФЭБнүн башчысы Э.Салибаевге жана жайыт комитетинин төрагасы У.Амировго тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |