Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2017-жылдын 06-октябры № 36
“Мазар үчүн жер ажыратууга макулдук берүү жөнүндө”
Лейлек токой чарбасынын 2017-жылдын 2-июнундагы №27 сандуу маалымдамасына негиз Өзгөрүш айылынын жашоочуларынын мазар үчүн жер ажыратуу боюнча арызын канааттандыруу максатында Катран айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айылынын жашоочуларынын арызы канааттандырылсын жана такталган 1,15 га жер тилкесин мазар үчүн ажыратууга макулдук берилсин.
2. Мазар катары пайдаланууга уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен суралсын.
3. Тиешелүү документтерин даярдап берүү Сүлүктү-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жер адис Н.Салимбековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катраё айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.А.Полотовго тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |