Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
II-чакырылышынын уюштуруу III сессиясы
2017-жылдын 31-январы № 5
Кадамжай шаарынын 2017-жылга бюджетин жана 2018-2019-жылдар үчүн бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин күн тартибиндеги маселе боюнча 1998-жылдын 11-июнундагы №78 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү», 2003-жылдын 25-сентябрындагы №215 «Өз алдынча башкаруу органдарынын финансы–экономикалык негиздери жөнүндөгү», 2016-жылдын 22-декабрындагы №215 «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетти жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде түзүлүп, каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрү боюнча туруктуу комиссиясында каралып, талкуулангандыгын эске алып, Кадамжай шаардык мэриясынын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кадамжай шаардык кеңеши
ТО К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кадамжай шаарынын 2017-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 49073,5 миң сом өлчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кадамжай шаардык мэриясынын 2017-жылга чыгашалар бөлүгү 49073,5 миң сом өлчөмүндө № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кадамжай шаарынын 2018-2019-жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжолу 2018-жылга кирешелер жана чыгашалары 52640,5 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык, 2019-жылга кирешелер, чыгашалар 56751,5 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык жактырылсын.
4. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөр, тамак-аш, коммуналдык чыгымдар) жүргүзүлсүн.
5. Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
6. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштетүүгө тыюу салынсын.
7. Кадамжай шаарынын 2017-жылга бюджети 1-январь 2017-жылдан баштап ишке киргизилсин.
8. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Абдурасилов |