Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
II-чакырылышынын уюштуруу IV сессиясы
2017-жылдын 03-февралы № 7
Кадамжай шаарынын бюджетинин 2016-жылда аткарылышы жана 2017-жылдын башына калган калдыгын бөлүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Кадамжай шаардык мэриясынын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кадамжай шаардык кеңеши
ТО К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кадамжай шаарынын 2016-жылдын бюджети кирешелер боюнча 62688,1 миң сом, чыгашалары боюнча 66852,2 миң сом өлчөмүндө аткарылган отчету бекитилсин.
2. шаарынын жергиликтүү бюджетинде 2017-жылдын 1-январына негизги каражаттан 2736,9 миң, атайын каражаттан 1126,8 миё, жалпысынан 3863,7 миң сом калдык болгон акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнүп берилсин:
Негизги каражаттын эсебинен 31113390 Башка курулмалардын капиталдык ремонтуна – 2736,9 миң сом;
Атайын каражаттын эсебинен: 22181100 тамак-иш азыктарын алууга – 378,7 миң сом;
31113390 Башка курулмалардын капиталдык ремонтуна – 748,1 миң сом.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеёештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Нажимитдинов |