ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты № 16-1
Төөлөс айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын эсебинен калган калдыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджет эсебинен калган 1 720 000 (бир млн.жети жүз жыйырма миң) сом калдык акча каражаты,айыл аймагындагы иш чараларды каржылоо максатында төмөнкүдөй болуп бөлүнсүн:
1) Толман айылына жаңыдан курулуп жаткан спорттук залынын өздүк салымы үчүн 1 200 000 (бир млн.эки жүз миң) сом.
2) Муркут айылынын “А.Ашимов” атындагы көчөсүнүн тургундарына таза суу жеткирүү үчүн 100 000 (бир жүз миң) сом.
3) Айтамга айылынын балдар бакчасынын, чарбалык курулмаларынын ремонту үчүн 70 000 (жетимиш миң) сом.
4) Муркут айылынын Суукоробос бөлүмүндөгү жаңы калктуу конушуна таза суу жеткирүү үчүн 37 000 (отуз жети миң) сом.
5) Билим берүү мекемелеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында,өрт өчүрүүчү шаймандарды сатып алуу үчүн 30 000 (отуз миң) сом.
6) “Салиева” аймактык ооруканасынын, төрөт бөлүмүнүн санитардык гигиеналык абалын жакшыртуу үчүн 27 000 (жыйырма жети миң) сом.
7) “9-май Улуу Жеңиш күнүн” белгилөө үчүн иш чараларга 5 000 (беш миң) сом.
8) “Энелер күнүн” белгилөө үчүн иш чараларга 20 000 (жыйырма миң) сом.
9) Майыптар күнүнө карата 10 000 (он миң) сом.
10) Мугалимдер күнүн белгилөө боюнча иш чараларга 10 000 (он миң) сом.
11) Медицина кызматкерлеринин күнүн белгилөө боюнча иш чараларга 8 000 (сегиз миң) сом.
12) ИИМ кызматкерлеринин күнүн белгилөө боюнча иш чараларга 5 000 (беш миң) сом.
13) Муниципалдык кызматкерлер күнүнө 10 000 (он миң) сом.
14) “Чернобыль” катастрофасын жоюууга катышкандар күнүнө 5 000 (беш миң) сом.
15) Атайын эсепке 183 000 (бир жүз сексен үч миң) сом.
2. Токтомдун аткарылышы боюнча иш чараларды көрүү,ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.Исмаиловага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы,айылдык кенештин “Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |