ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз он алтынчы сессиясы
2018-жылдын 28-марты № 16-2
Жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинен, айыл өкмөтүнө чегерилүүчу 286 618сом (33,3%) акча каражатын кайра жайыт комитетине калтыруу жөнүндө жана жайыт комитети тарабынан жайытка жараксыз болгон таштак жайыт жерлеринен, таштандылар үчүн ажыратып берген 2га(контур №№238,393) таштак жайыт жерлерин айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинен айыл өкмөтүнө чегерилүүчү 286 618 сом (33,3% ) акча каражаты жайыт комитетинин бюджет эсебине калтырылсын .
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы,айылдык кенештин “Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Таштандылар үчүн жайыт комитети сунуштаган №№238,393 контурлардагы жалпы 2 га жер тилкелерине таштанды таштоочу жайларды курууга макулдук берилсин жана архитектуралык иш кагаздарын бүтүрүү жагы жайыт комитетине жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы,айылдык кенештин “Айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо,транспорт,курулуш,өнөр жай,кайра иштетүү жана энергетика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Абдырахманов |