Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектүү VIII сессиясы
2017-жылдын 26-декабры № 2
“Сарай айыл өкмөтүнө караштуу “Сарай Таза Суу ” ИСКАКБ бирикмесинин тарифин бекитүү жөнүндө”
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу “Сарай Таза Суу” ИСКАКБ бирикмесинин таза сууга болгон абоненттердин төлөмдөрүнүн тарифин жана короосуна уруксатсыз суу түтүктөрүн киргизип алган абоненттерге айып пул салуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. “Сарай Таза Суу” ИСКАКБ бирикмесинин бардык абоненттери короосунун ичинен таза суу пайдалангандыгы үчүн, бир жылга бир кожолук 2400 (эки миң) сом, көчөдөн пайдаланган абоненттер ар ай сайын ар бир суу пайдаланган абонент 25 (жыйырма беш) сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин.
2. Уруксатсыз короосуна суу түтүгүн киргизип алган абоненттерге 10000(он миё) сом айып пул салынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Э.Арзиев |